АЗАМАТ КАНЫБЕК УУЛУ - ЫСЫК-КӨЛ ЖЕРГЕСИНИН СЫЙМЫГЫ
Кыргыз эли эзелтеден эр жүрөк баатыр, жоон билек балбандарга бай келген. Алардын көрсөткөн эрдиктери кылымдар бою бүтүндөй журтчулуктун кадырын бийиктиктетип, намыской кыргыз элинин демине дем, күчүнө күч кошуп турган. Ата-бабалардын баатырлык мүнөзү, улутубуздун унгусуна айланып, алакандай кыргыз элинин биримдигин, бүтүндүгүн сактап калууга зор салым кошту десек ашыкча болбос. Мына ошондой өрнөктүү тарыхы бар, каарман кыргыз калкынын азыр дагы баатырларга уучу куру эмес. Анткени бүгүнкү күндүн баатырларына айланып бара жатышкан кыргыз спортчулары дүйнөлүк жана эл аралык мелдештерде улут намысына бекем турушуп, бүткүл элдин беделин өргө сүрөп жатышкандыктары буга далил. Бул багытта журт керегине жараган талантту эр-азаматтар Ысык-Көл облусунан да суурулуп чыгышып, бүтүндөй кыргыз калкынын сыймыгына айланышууда. Мына ошондой алдынкы спортчулардын бири Ак-Суу районуна караштуу Чолпон айлынын тургуну Азамат Каныбек уулу, ал бокс боюнча бүтүндөй кыргыз элинин намысын татыктуу түрдө коргоп жатат. Он төрт жылдан ашуун бул спорттун түрү менен машыгып келе жаткан каарманыбыз, аталган убакыт аралыгында бир катар эл аралык мелдештердин женүүчүсү болуу менен эле бирге, Азиялык жана дүйнөлүк биринчиликтерди багындырууга далалат кылууда.
Похожие видео
Показать еще