Казакпаевдин абактагы өлүмү, УКМКнын жообу HD

15.06.2022
Кыргызстанда «мамлекеттик чыккынчылыкка» айыпталып, абакта кезинде каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү жабык жайлардагы адам укугу маселесин күн тартипке чыгарды. Өлкөдөгү оппозиция жана укук коргоочулар бийликти бул маселеге көңүл бурууга жана УКМК жетекчилигинин жоопкерчилигин кароого чакырууда. Атайын кызматтын жетекчилиги болсо Казакпаевдин ишин айрым саясатчылар өз кызыкчылыгында колдонуп жатат деп айыптап чыкты. Кыргызстанда жабык жайлардагы адам укугунун абалы кандай? Соңку кырдаалга ким жоопкерчилик алыш керек? Бул суроолорду «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында талкуулайбыз. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Кундузбек Сулайманов, саясатчы Равшан Жээнбеков жана укук коргоочу Азиза Абдирасулова катышат. Программаны саат 19.30да «Азаттыктын» соц тармактагы баракчалары жана Next Tv каналынан түз көрүңүз. #Казакпаев #УКМК #абак _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​ https://www.instagram.com/azattykmedia/​ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​ https://www.facebook.com/azattyk​ Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​ https://t.me/azattykrus

Похожие видео

https://youtu.be/vUtedMWGXs0 Бул видедо Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровду жок кылыш үчүн УКМКнын кызматкерлерине буйрук берип, жөнөкөй жарандарды ур тепкиге алдырып, Садыр Жапаровко каршы көрсөтмө бересиңер, макул болбосоңор 8 жыл түрмөдө олтурасыңар, макул десеңер менин указым менен помиловать этилип, азыр бошотуласыңар деген Атамбаевдин кылмышы жөнүндө токмок жеген балдар өздөрү айтып жатышат. Чынында бул балдар Алмазбек Атамбаевдин указы менен помиловать этилип, былтыр октябрь айында камактан чыгышкан экен. Атамбаев кызматтан кетээринде чыгарып кетиптир. Жаңы бийлик келип, адилеттүүлүк орногондон кийин чындыкты айтып жатабыз, Атамбаевдин убагында айта албайт элек дешет. Эми ушинтип чындык ачылгандан кийин, Жогорку сот Садыр Жапаровду актоо өкүмүн чыгаргандан башка эч бир жолу жок. Жабырлануучу деген Каптагаев башынан эле Садыр Жапаровдун бул ишке эч кандай тиешеси жок деп келет. Эми жаңы президентибиз Сооронбай Жээнбековдон адилеттүүлүктү күтөлү.
14.05.2018
15:20

одноклассники
Показать еще