Түбөлүктүү тозок HD

02.01.2021
Каапырлар эмне үчүн түбөлүк тозокто калышат? Аллах Мээримдүү, Ырайымдуу болсо эмне үчүн түбөлүк тозок салат каапырларды? Жообу оңой эле. Каапырдын кылган кылмышы, күнөөсү чексиз болгондугу үчүн ошол күнөө, кылмыш үчүн берилген жаза да чексиз болот. Мисал менен түшүнгөнгө аракет кылалы. Мисалы киши шаардын ар кайсы жерлерине жардыргыч заттарды коюп чыкты дейли. Кийин ал шаардын четине барып туруп, бир баскычты басып, бүтүндөй шаарды жардырып салды. Эми ушул кишини тутуп, соттоп жаткан кезде “Мен болгону бир эле кичинекей баскычты бастым! Неге мага мынчалык чоң жаза берип жатасыңар?”-десе туура болобу? Албетте ал кишиге “Ооба сен болгону кичинекей баскычты бастың, бирок бул аракетиң чоң терс натыйжаны алып келди! Жазаң-кылган ишиңдин кичинекейлигине карап эмес, анын натыйжасынын чоңдугуна, оордугуна карап аныкталат!”-деп айтылат. Дал ушул мисалдагы сыяктуу каапылар да сыртынан карасаң 2 ооз сөз эле сүйлөп жатат. Бирок анын натыйжасы жогорудагы жарылуудан да оор болуп жатат. Ооба 2 эле сөз! Ал кайсы сөз болушу мүмкүн? Мисалы кээ бирлери, Кудай сактасын, “Аллах жок!” же болбосо “Аллахка ишенбейм!”-деп айтты дейли. Ал адам бул сөзү менен өтө чоң кылмыш, күнөө кылган болот.

Похожие видео

Показать еще