Текебаевдин иши: Жаңы жагдайлар HD

17.07.2019
Жогорку сот “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароону 21-августка жылдырды. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, судья жараяндын жылышын иштин көлөмү чоң экени менен түшүндүргөн. Бирок Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары муну саясий шылтоо деп билдирди. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароону юристтер май айында өтүнүп кайрылган. Анын негизинде иш бүгүнкугө - 16-июльга калтырылган болчу. Текебаев азыр саламаттыгына байланыштуу Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жатат. #Бешинчи_канал_Кыргызстан #жанылыктар #Текебаев

Похожие видео

Показать еще