Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү ачылары айтылды (аудио) HD
1-январдан баштап Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү ачылат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Адилет” укук коргоо борборунун жетекчиси Чолпон Жакупова билдирди. Анын айтымында, жаңы жылдан тартып күчүнө кире турган жаңы Кылмыш-жаза кодексинде Текебаев соттолгон беренелер боюнча жаза чаралары жумшартылган: https://www.azattyk.org/a/29651311.html