Текебаев менен Чотоновдун иши кайра кароого жөнөтүлдү
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүлдү. Мындай чечимди бүгүн Жогорку Сот чыгарды. Буга чейинки чечимдердин баары жокко чыгарылды. Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралмай болду.
Похожие видео
Показать еще