Түз эфир: Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин карап жатат

21.08.2019
#каналга_жазылыңыз Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган партиянын мүчөсү, парламенттин экс-депутаты Асия Сасыкбаева билдирди. Буга чейинки сот 16-июлга белгиленип, судья иштин көлөмү чоң экенине байланыштуу жараяндын мөөнөтүн жылдырган. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароону юристтер буга чейин да өтүнүп, бирок мурдагы сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырылган. Ага чейин, 2018-жылы да юристтер ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Похожие видео

Показать еще