Жогорку сот Текебаевдин ишин кароону жылдырды
Жогорку сотто "Ата Мекен" фракциясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин иши каралбай калды. Жогорку сот “Ата Мекен” партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароону 21-августка жылдырды.