Атамбаевди УТКАН журналист HD
#Каналга_жазылыңыз #Актуалдуу_маектер #Ыдырыс_Исаков Буга чейин белгилүү болгондой “Азаттыктын” журналисти Ыдырыс Исаковду Оштогу көпөс, өзүм билемдик менен көмүскө бизнес кылып, кутуруп келген Жалил Атамбаев 50 миллион сом айыпка жыгып, сотко доо арыз берген. Себеби, Исаков анын бизнесиндеги былык иштерин чубап чыккан болчу. Исаковду колдоп, журналисттер президентке кайрылуу жолдошкон. Айрым саясатчылар дагы колдоп чыгышкан. Алардын бири “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов эле. Кечээ Атамбаев Исаковго карата жазган соттогу доо –арызын кайтарып алганын билдирген. Ага улай эле, Сулайманов өзүнүн соц баракчасына төмөндөгүдөй билдирүүсүн жазды. “ Урматтуу достор, менин журналист Ыдырыс Исаков жөнүндө билдирүүмдөн кийин Жалил Атамбаев менен жолугуп сүйлөштүк. Ал кишиге «сөз эркиндигин сот аркылуу муунтам дегениңиз туура эмес» деп түшүндүрүп айттым. Туура кабыл алды. Бүгүн барып доо-арызын кайтарып ала турган болду. Бул коомчулуктун жана сөз эркиндигинин жеңиши деп эсептейм.” Албетте, Сулайманов дагы оӊой эмес. Түштүктө чоӊ алмагы бар. Атамбаев андан сестенбейт деп айтуу да кыйын. Андыктан, Сулайманов ырахмат деш керек. Бирок Алтыкеӊ эми Атамбаевдин салыкка төлөбөй жаткан миллиондору боюнча да ич ара жакшылап “сүйлөшүп”, түшүндүрүп койсо жакшы болот. Анда чыныгы мекенчилдигин көрсөтмөк. Балким ойлонуп көрөт чыгаар. Кантсе да, колунда мансабы, эл суктанган күчү бар эмеспи... Деп жазды Багыт кж маалымат сайты. Бирок Атамбаев арызын алды ошону менен коррупциялык иштери текшерилбей калат деген логикага Алтынбек Сулаймановдун айрым кесиптештери макул эмес. Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касмалиева Жалил Атамбаевдин сүттөн ак, таза экенинен күмөн санайт. Ошондуктан ал Жогорку Кеңештин трибунасынан билдирүү жасап, Атамбаевдин ишин дыккат иликтөөнү талап кылды. Биздин соц тармактарга төмөнкү ссылкалар менен кириңиз... Фейзбуук: https://www.facebook.com/jalbyrak.tv/ Instagram: https://www.instagram.com/jalbyrak.tv/?fbclid=IwAR1HRmnT5ouMlxKCNOAtW-Q_Z-PL_VkWHos2WkOp3haWWX0D9tnh0CGjWcQ Однаклассник: https://ok.ru/profile/573778133404?fbclid=IwAR1SBg0M084TtW_hk45-S7BlgYdramQ5RyTNJnB7LBtWx6qFhrE0la7Fo-0 Twitter: https://twitter.com/L1H4GrBBm6qVzhM?fbclid=IwAR0A2rXYfOWlz1vtlZBkYSQK0g0XRYqwI4VbaBMj9TSka7p48USR2KPpryg Телеграмм: https://web.telegram.org/#/im?p=@jalbyraktv WhasApp: +996 554 00 78 49 Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал!