Атамбаевди кармоого СУУ АТКЫЧ ТЕХНИКАЛАРЫ колдонулуп, КАТУУ кармаш жүрөбү?

20.07.2019
Абал күндөн күнгө курчуп, кагылышуу улам жакындап келе жатканын элдин баары сезип турат. Эки күн мурда суу менен аткан аскер машиналары суу толтуруп жаткан видео интернетте тарап, көпчүлүк аны Атамбаевди камоого аракет жүрүп жатат деп жоромолдошууда. Ички иштер министрлиги бул маалыматты жарым жартылай мойнуна алып "Алар суу толтуруу үчүн гана чыгып, кайта ордуна кайтып келди. Бул күн сайын боло турчу машыгуу", — деп билдирүү таратты. Бирок ал машиналарды күндө суу толтуруп тургандай алар жолго суу себүүчү техника эмес. Ошондуктан бийлик тарабынан Атамбаевди камоо камылгасы чынддап эле жүрүп жаткандай өңүт калтырат. Муну сезген Атамбаев өз үйүндө күнүгө концет коюп, бука союп эл арасында жашырынып жатат. Ал тургай тургай дарбазаларына оор жүк ташуучу машиналарды токтотуп, бетон койдуруп таш төктүрүп, үйүнүн терезеерине мешоктолгон кумдарды тиздирип караңгылатып, бийлик менен кармашууга катуу даярдык көрүп жатканы ачык эле көрүнүп жатат. Бийлик кан төгүлүп кетүүдөн коркуп Атамбаевге кол салууга шалылбай турат. Ал эми Суу аткычы бар техникалар дал ошол Атамбаевди коргоого арачы түшкөндөргө каршы пайдаланылышы мүмкүн. Ал эми дарбаза алдында турган оор чук ташуучу машиналарды Алдындагы темир күрөгү менен оңой эле сүрүп таштайт. Мындай суу аткыч машиналар Стамбулда Германияда айтор өнүккөн өлкөлөрдө каршылык акциясына чыккан элге каршы пайдаланган учурлар көп кездешет Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал!

Похожие видео