Баткен: Бишкекке чындык издеп жөө чыкты HD
2018-жылдын 25-августунан 26-августуна караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын Кыпчаков көчөсү менен М.Сартбаева көчөсүнүн кесилишинде светофордун, астында белгисиз автоунаа Ош облусунун Араван районунун Найман айылынын Достук көчөсүнүн №10 үйүнүн тургуну 1977-жылы туулган М.Нди койдуруп кетип окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Натыйжада 41жаштагы М.Н. денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Бул факты боюнча КР КЖКнын 281-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрөт. Тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя болгон мезгилдеги жана окуя болгон жерге жайгашкан дүклндөгү видеобайкоодогу тасмалар алынып кароо жүргүзүлөт. Мындан сырткары Кызыл-Кыя шаарынан Баткен районуна чейинки аралыкта коюлган видеобайкоодогу бардык тасмалар алынып кароо жүргүзүлүп, Баткен районунун Бужум айылынын тургуну 20жаштагы С.уулу Кга таандык болгон “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү автоунаа аныкталып кармалган. Буга шектүү катары кармалган С.уулу Кдын атасы Сайтраим Абдиласов нааразычылыгын билдирип, чындык үчүн Бишкек шаарына жөө жүрүшкө чыкты.
Похожие видео
Показать еще