1000 долларга чейин сатылган чоң төө куштар HD
38 жаштагы Абдижалил Тагаев Өзгөн районундагы Куршаб айылында төө куш багып жатат. Ал мындан жети ай мурда өзбекстандык тааныштарынан төө куштарды жөжө кезинде сатып алган. Учурда анын 10 төө кушу бар. Ишкердин айтымында, бул чарба азырынча айылдыктар үчүн өзгөчө жаңылык болууда. Уккандар башка аймактардан атайын көрүүгө кызыгып келишет. Абдижалил Тагаев келген ар бир адам менен төө куш багуунун сырларын бөлүшүүдөн эринбейт. Айыл тургундар башка өлкөлөргө мигрант болуп кетпей, төө куш чарбасын колго алып, өнүктүрсө пайдалуу экенин айтат. “Социалдык тармактарга чыкканыбыздан кийин элдер издеп келишүүдө. Талас, Чүй, Наарын, Баткен облустарынан байланышып жатышат. Көбүнчө Таластан чалып жатышат. Бул чарбага кызыккандар көп. Ушул чарбан Кыргызстандын ар бир аймагына жайылса. Максатым келген адамга жөн эле сатып жиберүү эмес. Ал да көп акчага сатып алуп жатат да. Мен ар бир ишкер менен тажрыйбамды бөлүшөм”, -деди ал. Абдижалил Тагаев төө куш чарбасын негиздөөдө өзбекстандык тааныштары өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, көп жардам бергенин айтат.