Кур намысчыл кулчулук | Айт Айт Десе | | Сайкал Акын
Коллониялдык аң-сезимдин азабы Коллониялдык аң-сезим деген эмне? Элибизди жалган түшүнүктөр менен башкарып келген орус империясынын адилетсиз саясый башкаруусу эмнеге кылымдар бою уланып келатканы жөнүндө Сайкал Керездин кызыктуу баяны… Эй, туугандар келгиле, биз бүгүн кулчулук жөнүндө түшүнүүгө аракет кылалы. Кулчулуктун тамыры кайда – биз ошого жооп издейли. Ансыз биз өз алдынча эркин ой жүгүрткөн улут боло албайбыз. Ушуну түшүнөлүчү баарыбыз. Кептин баары колониялдык аң-сезимде. Элибиз өз ыктыяры менен эле кул болуп келген дейсизби? Жок, жо-ок. Орус бийлигине кулдай кызмат кылууга аргасыз кылышкан. Ооба! А) Колониялдык аң-сезим бул колуна кишен салынган кулдан көп деле айырмаланбайт. Экөө тең ээсине берилип кызмат кылган байкуштар. Анысын да, мунусун да кул деп айткандын эч айыбы жок. Б) Биз кантип кур намысчыл кулга айландык? Жообу жөп көнөкөй. Бир кылым мурда орус оторчулугунун адилетсиздигинен элибиз Үркүн трагедиясына кабылган. Себеби, жылма саясат менен Борбор Азия чөлкөмүнө отурукташылган орус падышачылыгы ата-бабаларыбызга өтө адилетсиз үстөмдүк көрсөтүп, элдин жанына баткандай кожоюндук кылышканы кыргыз элин көтөрүлүшкө түрткөн. В) 1917-жылкы Өктөбүр төңкөрүшүнөн кийин большевиктик коммунисттердин зулумдугу мурдагы орустун ак падышачылыгы жүргүзгөн саясаттан анча көп айырмаланып кеткен эмес. Алар деле элдин мал-мүлкүн тоноп, колхоз чарбасын элден жыйып алышкан. А мал-мүлкүн бербегендерди басмачы, эл душманы, бузугу деген жарлык менен күнөөлөшкөн. Келиңиздер эми, колониялдык аң-сезимибизди Кремль төбөлдөрү кантип калыптаганына акыл калчайлы. Алар өздөрү түзгөн жалган тарыхты бизге окутуп келишти. Том-том китептерди жаздырып, пропаганда күчү менен рухубузга сиңиришти. Бай-манаптарды басмачы көрсөтүштү. Басмачыларды жеткен жапайы жырткыч, өз элин аябаган зулум, зордукчул көрсөткөн кинолорду тартышты. Уркуя жөнүндө кинону билесиздер. Жалпы эл ошону менен басмачыларды желмогуздай көрүп келишкен. А чын-чынында коммунисттер бизге мокочодой көрсөткөн бай-манаптар кимдер болушкан? Алар элдин эң алдыңкы жакшылары, оокатка тыңдары, ал эмес билимдүүлөрү болушкан. Эл багарлар бизде бай-манаптар болуп келген илгертен. Эгер алар болбосо завод-фабрикасы жок элибиз кантип күн көрмөк деп ойлойсуздар?.. Бай-манаптар болгон үчүн өнөр адамдары улуу Манас жөнүндө эпосту оозеки сактап келген эмеспи. Элдик дастандар кантип өчпөй келди? Анткени бай-манаптар ырчыларга, манасчыларга урмат көрсөтүп, алардын алдына – ат, үстүнө – үй берип камкордукка алып келишкен үчүн элдик мурастарыбыз өчпөй келген. Ошон үчүн бай-манаптарыбыз кийин орус бийлигине каршылык көрсөтүп, территориялдык бүтүндүгүбүздү коргоого аракет кылган үчүн жазаланышкан. Далайлары кулакка тартылып, сүргүнгө айдалышкан. Түрмөлөрдө кыйноо тартып өлүшкөн. Урматтуу көрүүчү, мен сиздерди көп жадатпайын. Кур намысчыл кулчулук кептин уландысын дагы баяндап берем. Андыктан бизге катталып коюңуз да, элибиздин тарыхына жаңыча көз караштан кароого аракет кылыңыз. Ансыз биз колониялдык аң-сезимден чыкпаган орускул бойдон өтөбүз! #айтайтдесе #кыргызстан #ошакир #сайкалакын #курнамысчылкулчулук #кыргызстанорусиянынтуткуну #коллониялдыкаңсезимдиназабы Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат https://www.patreon.com/temirovlive Биздин тик-ток - https://vm.tiktok.com/ZSecaq4Eo Инстаграмыбыз - https://www.instagram.com/aytaytdese/