Соңку жаңылыктар: «Женгонун» кылмыштуу тобунун өкүлдөрү кармалды HD
УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн жоюу боюнча иш-чаралар уланып жатат. Ага ылайык, жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иштеринин алкагында буга чейин соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү аныкталды. Алар: 1968-жылы туулган З.Ж. жана 1983-жылы туулган М.З. Аталган эки жаран «Женго» каймана аты бар Кадырбек Досоновдун кылмыштуу тобунун өкүлдөрү. Аларга карата Жазык кодексинин 248-беренесинин (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) 1-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. «Аталган жарандар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, алар ачык түрдө уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз иштерине катышуудан баш тартышты жана мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттеништи», – деп айтылат маалыматта #GovoriTV#коронавирус#Кыргызстан#Карантин