«800 миң доллар өндүрөсүң»: Оштун 2 тургунун кылмыштуу топ барымтага алганын айтышты HD
Подробно https://www.turmush.kg/news:457007 Бүгүн, 17-январь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Ош шаарынын тургундары аларды Жалал-Абад облусундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү туткундаганын айтып, президентке, УКМКнын төрагасына кайрылышты. Алардын айтымында, Ош шаарынын эки жаранын Жалал-Абад облусундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү «таанышыңардан 800 миң АКШ доллар өндүрүп алуу үчүн силерди туткундайбыз» деген негиз менен алып кетишкен.