Күнжүрүш: Коррупцияга шектелгендер четинен камалууда HD

06.06.2018
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети билдирди. Маалыматка караганда, Артыкбаев Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесин биринчи бөлүмү -"Коррупция" боюнча козголгон кылмыш ишке шектүү катары УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Башкы прокуратура Артыкбаевди 2013-жылы энергетика министри болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы менен Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу "Кыргызстанга ыңгайсыз шарттагы келишим түзгөн" деп айыптады. Эскерте кетсек, 5-июнда Бишкек жылыуулук электр борборун модернизациялоо боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да тергөө иштери бүткөнгө чейин УКМКга камалды.

Похожие видео

Показать еще