Күнжүрүш: Аида Салянова өзү казган орго өзү түштүбү? HD
Жогорку сот экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын иши боюнча өкүм чыгарып, анда Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырды. Эскерте кетсек, Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.