Жемкорлук менен күрөшүү акыркы күндөрү кызыды
Өлкөдө жемкорлук менен күрөшүү акыркы күндөрү кызыды. Былтыр жогорку кызматтагы бир топ чиновник коррупция боюнча кылтакка илинип айрымдары кесилген. Паракорлукка байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы 108 мамлекеттик кызматкерди кармап, алардын 83ү сот жообуна тартылган. Алардын айынан бюджетке 2 млрд 475 миллион сом зыян тийген. Акыркы кездерде чоң саясатка айланып кеткен Кумтөр боюнча мурда түзүлгөн келишимдерге катыштыгы бар делинип бул жумада бир нече атка минерге карата кылмыш иштери ачылды. Тагыраак айтканда, 2003-жылдын акыркы күнү Кумтөр долбоору шашылыш кайра түзүлгөн жана аны менен Кыргызстанга эбегейсиз зыян тийген. Келишимди кайра түзүү боюнча өкмөт токтомуна ошол учурдагы 12 өкмөт мүчөсү кол койгонун айтып, Башкы прокуратура алардын аты-жөнүн дагы атады. Ал 12 министрдин ичинен азырынча төртүнө каршы кылмыш иштери козголуп, алар - ошол кезде мамлекеттик жооптуу кызматта иштеп туруп, өлкө кызыкчылыгына каршы аракет жасаган жана коррупцияга жол берген деп айыпталууда.
Похожие видео
Показать еще