Көчмөндөрдүн көөнө оюндары HD
Кыргызстан улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн алдында турат. Иш-чарага даярдыктар кызуу жүрүп жаткан кез. Анда "Манас" атабыздан бери келе жаткан байыркы оюндардын сегиз түрү ойнолот. Бул көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, алыш жана кыргыз күрөшү, салбуурун, тогуз коргоол менен ордо оюндары. Алмаз Базарбаев Улуттук көчмөндөр оюндарында ойнолуучу Көк-Бөрүгө өзүнөн да биринчи “Огонек” каймана аттуу 11 жашар аргымагын даярдап жаткан учуру. Ата-бабасы улакка түшүп, жаштайынан жылкы баласына жакын өскөн Алмаз аргымагына күнүнө эки маал келет. Жем, чөбүн, суусун берип, табында кармап турган улакчы тайпасына намысты алып берем деп турат. Ат жабдылып болгон соң, Команданын жигиттери талааны көздөй бет алат. Аргымактарды таптап, баралына келтирүү машакаттуу иш. Мындан улам мындай машыгуу күнүнө эки жолу кайталанат. Бул атты табына келтирүүнүн ыкмасы.
Похожие видео
Показать еще