Элге кызмат кылган КОСТОПРАВ! Кайрымдуулук менен жумушту чогу кылган Алтынбек мырза HD

02.12.2019
Байыркы кыргыз эли, ата-бабаларыбыз байыртадан оорунун ар кандай түрү менен күрөшүп келген. Ошондой эле сынганды бүтөп, шак-шак байлап келгени азыркы коомго маалым. Сыныкты түздөө байыркы ата-бабаларыбыздан келе жаткан кесип деп айтсак болот. Ошол кесипти азыркы күнгө чейин колдонуп көп деген жарандарга жардамын берип келген Алтынбек Каримов жөнүндө сөз кылмакчыбыз. “Кайрымдуу бол” коомдук фондунун жетекчиси Азамат Байматов ден соолугуна байланыштуу бел сөөк жана мойунду түздөтүүгө Алтынбек Каримовго барып, иштеген ишин көрүп келет. Бул чыгарылыш бирөөнү жарнама кылуу эмес байыртадан келген кесипти аркалап келген инсан жөнүндө чагылдырууну туура көрдүк. Элдин камын ойлоп, элге кызмат кылган Алтынбек мырзага алкыш десеке болот. Андан тышкары иштин аркасынан кубалабай кайрымдуулука дагы убакыт бөлүп, колунан келген кайрымдуулугун кылып келет. Мындай инсандарыбыз менен кыргыз элибиз кубансак болот.

Похожие видео