Атамбаевчилер өлтүргөн жоокер Үсөн Ниязбековдун энеси Атамбаевге, Кодурановага каргыш айтты HD
Бүгүн, 9-августта Бишкектин 7-кичирайонунда мындан эки күн мурун Кой-Ташта Атамбаевчилер атып өлтүргөн УКМКнын полковниги Үсөнбек Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Ал жерде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып маркумдун апасы Өктөм Мамаева Алмаз Атамбаевди, Асел Кодуранова жана Анвар Артыковду баласынын өлүмүнө айыптап, каргады. Эсиңиздерге сала кетсек, 7-август күнү Кой-Ташка УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн жоокерлери суракка келүүдөн баш тартып жаткан Алмаз Атамбаевди мажбурлап алып кетүү үчүн келишкен. Бирок атамбаевчилер жоокерлердин желим ок атуучу курал менен гана келишкенин байкашып, аларга коргошун ок атуучу куралдар менен кол салышкан. УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн командиринин орун басары, подполковник Үсөнбек Ниязбековду снайпердик мылтык менен атышкан. Ок подполковниктин брондолгон темир чопкутун тешип өтүп, жүрөгү менен өпкөсүн жаралап өткөн. Натыйжада 47 жаштагы Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. Эртеси, 8-августта Алмаз Атамбаев бул окуя тууралу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып "Мылтык менде эле бар болчу. Мен эле аткам. Атайын мээлеп аткан эмесмин. Караңгы болчу, жаза тайып тийип кетсе керек" деп комментарий берген. Үсөнбек Ниязбековго өлгөндөн кийин кезектеги полковник наамы ыйгарылды. Анын сөөгү бүгүн, 9-августта жерге берилди. Маркумдун артында жубайы жана 6 баласы калды. Булак: KyrgyzToday.kg