Кадыр Досоновго (Женго) таандык делген мүлктөр HD

17.02.2021
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Женго" каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун лидери делген Кадыр Досоновго байланыштуу дагы бир кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 17-февралда билдирүү таркатты. Досоновго карата Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмү "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" боюнча иликтөө жүрүп, кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Буга чейин эч жерде иштебеген, ишкердик менен алектенбеген Досоновго байланыштуу адамдарга катталган 19 авто унаа, 15 турак жай, 35 жер тилкеси аныкталды. Досоновдун мындан тышкары курулуш компанияларын ири өлчөмдө каржылоо фактыларынын бети ачылды. 11-февралда УКМК уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында "Женго" каймана аты бар, өлкөнүн түштүк аймагын "көзөмөлдөгөн кримтөбөл" деген Кадыр Досонов кармалганын маалымдаган. Ал Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинди жана атайын кызматтын убактылуу камак жайына киргизилип, Биринчи май райондук соту Досоновду 8-апрелге чейин УКМК тергөө изоляторунда камакта болсун деген чечим чыгарган. _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus

Похожие видео

Показать еще