Нарсулуу Гургубаева. Бир көрктөнүп, бир өрттөнүп өчкүм бар
Жарык жакпай, күрмөм чечпей үстүмдөн, Түнгө сиңип, түтөп көпкө отурдум. Улуу дүйнө(м), мен сени ырдап бүттүм бейм... Мен да сенин жүрөгүңдө жок ырмын. Ырааты жок ыр, чыр дүйнө сырттагы, Өмүр дагы батпай турат бөлмөмө... ...Сүйүү үчүн кырк чырагым бир жанып, Сүйүү үчүн кырк бир жаным өлдү эле... Шол сүйүүнү жашап өткөн мен белем? Өйдө-төмөн өттү беле башыман? ...Өлгүм дагы, жашагым да келбеген, Өмүрдү эми кайда алпарып батырам?... Көзгө урунаар мага таандык нерсени, Таппай жүрөк талыптыр да, карыптыр. Меники эмес эрке Күндүн эртеңи, Меники эмес асмандагы жарык нур. Меники эмес бул көчөлөр, шаар дагы, Меники эмес сырттагы чоң согуш да. Шул согушту дагы өзүмө алданып, Жеңем десем, Теңир мага болушпа! Болушпа да, аяба да... Тийбегин! Өчөөр болсом, ичим, сыртым бир өчсүн. Калса калаар айтылбаган бир кебим, Жашап бүтпөй, жарыгымды түгөттүм. (Жанымды уруп, жалын болуп ак-кызыл, Бир көрктөнүп, бир өрттөнүп өчкүм бар. ...Жандап өттү, жалмап кетти бактымды, Өзүмө өзүм өгөй жылдар, өч жылдар...) Өлгүм дагы, жашагым да келбеген, Өмүрдү мен отко, сууга бир салдым. Киндигимди өзүм кескен сыңары, Канатымды дагы өзүм кыркаармын... ...Жарык жакпай, күрмөм чечпей үстүмдөн, Түнгө сиңип, түтөп көпкө отурдум. Улуу дүйнөм, мен сени ырдап бүттүм бейм... Мен да сенин жүрөгүңдө жоктурмун... Нарсулуу Гургубаева. http://ruhesh.kg/ky/category/show/new... Music: Solo Cello Passion - Doug Maxwell_Media Right Productions YouTube Audio Library License You’re free to use this audio track in any of your videos, including videos that you monetize. No attribution is required. YouTube may credit the artist and link the Audio Library from your video. You may not make available, distribute or perform the music files from this library separately from videos and other content into which you have incorporated these music files (e.g., standalone distribution of these files is not permitted).
Похожие видео
Показать еще