Осмонбек Артыкбаевдин байлыгы камакка алынды. Эми Неман аптекалары эмне болот? HD
Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал! Осмонбек Артыкбаевдин жана анын жакындарынын мүлктөрү камака алынды. УКМК Бишкек ЖЭБ модернизациялоодо коррупцияга айыпталган мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин өзүнө жана жакындарына катталган үй-мүлкү камакка алып, тизмесин жарыялады. Осмонбек Артыкбаевге катталган мүлктөр: 1.ГАЗ-53 1992-жылы чыккан 2.Ауди 80 1992-жылы чыккан 3.Лексус ЛХ570 2013-жылы чыккан 4.Бишкек шаарынан бир турак жай жана турак жай эмес имарат. Ал эми анын жубайы Раушан Артыкбаевага таандык мүлктөр: Лексус ОХ470 2007-жылы чыккан Лексус ЛХ 470 2006-жылы чыккан Лексус ОХ460 2011-жылы чыккан “ Мерседес-Бенц Е350” 2006-жылы чыккан Бишкек шаарынын Аламүдүн районундагы жер тилкеси Бишкек шаарында бир дүкөн Бишкек шааарында 3 турак-жай эмес имарат Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үй катталган. Булардан сырткары О. Артыкбаевдердин үлүшүндө отурган “Ийгилик-биримдикте”, “Ак-Фонд”, “Келечек-социально –экономические- исследования и разработки” коомдук фонддору, “Petroleum K&K” кыргыз-казак биргелешкен ишканасы, “Лазурная-Гавань”, “Би-Воет”, “Бишлонд” ЖЧКлары камака алынган. Эске салсак, Биринчи май райондук соту 31-июлда осмонбек артыкбаевди УКМКнын СИЗОсунда 2018-жылдын 10-октябрына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.