Курсагын тойгозуу үчүн таксистке бычак сайды HD

28.10.2018
Сузакта таксистке каракчылык жасалган. 11-октябрь түнү саат 21-00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүндө, Борбордук базардын жанында (Экран жакта) "Бергбай" такси тейлөө фирмасында өзүнүнүн Тайота-Ист автоунаасы менен бош турган жеринен 27 жаштагы Авазбекти белгисиз жалгыз 20-25 жаштагы бала жалдап Ош-Бишкек жолу жолундагы Сузак айлампа тараптагы (Санпа) Бишкектен жүк күтүп алмакчы болуп барат. Ал тарапка барып бир аз келе турган жүктү күтүп турмакчы болот. Такси айдоочу олтурган жеринде эс алып жаткан учурда жанында жанаша алдынкы орунда олтурган жалдап барган жүргүнчү атуул эч бир себепсиз бычак менен айдоочунун сол желкесине бир жолу, оң жак кулагынын жанына бир жолу, бетине бир жолу сайып сая баштаганда, айдоочу автоунаадан качып чыгып кутулуп кеткен жана жолдон келе жаткан автоунааларды токтотуп ооруканага жеткен. Учурда жабырлануучунун ден-соолугу калыбына келтирилип ооруканадан чыгарылган. Ал эми бычак сайган жүргүнчү автоунааны айдап Бишкек багытын көздөй айдап бара жатып окуя болгон жерден алыска жетпей, Ош-Бишкек авто жолунун Топурак-Бел участкасына жеткенде автоунааны башкара албай жол кырсыгына учурап, автоунааны таштап окуя болгон жерден качып кеткен. Аталган факты боюнча милицияга маалымат түшүп, КРнын Кылмыш Жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүүнүн өздүгүн жана жүргөн жерин аныктап 26-октябрь күнү Сузак РИИБнин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кармалып убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Кылмышка шектүү Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылынын Жаш-Ленин участкасынын 26 жаштагы тургуну Ж уулу М өзүнүн айтуусунда, ага чейин аймактагы таш заводдо иштеп жүргөндүгүн жана убактылуу иштебей калгандыгын, окуя болгон күнү акчасы жок курсагы ачып, таксистти алдап ээн таалага алып барып акчасын алуу максатында ушул ишке баргандыгын билдирет. Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Похожие видео

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы:
27.05.2017
04:43

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы: "Жолдошум акчанын айыбынан жаңы төрөлгөн кенже баламды сатабыз деди..." Абдылдаева Гульнара секелек кезинде ар бир кыздардай эле кыялданып, болочок күйөөсүнүн таттуу сөздөрүнө ишенип турмушка чыккан. Ойлогону тескерисинен чыгып турмуш курган күндөн баштап көзүнүн жашы кургай элек. Жолдошу алдамчылык менен адамдардан акча алып жашачу экен, 3 - баласынан кийин алдамчылыктын артынан түрмөгө отургузулат. Сүйүүнүн көзү көр дегендей күйөөсүнүн кылыгына ишенбей ал түрмөдө отурган кезинде кайын – журту жардам бербей койгондуктан төркүнүнөн акча алып күйөөсүнүн карыздарынан кутулуп, 3 баласы менен иштеп балдарын багат. Түрмөдөн чыккан күйөөсү адал оокат кылып үй бүлө баккандын ордуна мурдагы ишин кайра улантат да алдамчылык менен экинчи жолу темир тор аркасында калат. Ал учурда 5 баланын энеси болгон бул айым балдарын жалгыз иштеп багат, жолдошунун карыздарынан кутулат. Экинчи жолу түрмөдөн чыгып таш боор жолд

одноклассники
Показать еще