Ысык-Атада жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен «БМВнын» 25 жаштагы айдоочусу кармалды
Чүй облусунда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон эркек кишини сүзүп, андан соң окуя болгон жерден качып кеткен «БМВ» унаасынын айдоочусу кармалды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашкандай, 30-майда болжол менен саат 22:40 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Новопокровка айылында ак түстөгү автоунаа, болжол менен «БМВ» Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 12-чакырымында эркек кишини сүзүп, андан кийин изин жашырып качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, автоунаа болжол менен саат 22:30 чамасында аталган айылдын 1941-жылы туулган тургуну К.У.ну коюп кеткендигин аныкташкан. Оор абалдагы жабырлануучу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бүгүн, 31-майда болжол менен таңкы саат 04:00 чамасында эсине келбей каза болгон. Аталган жол кырсык боюнча жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында ЖКККБнын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери 1993-жылы Панфилов районунун Буденовка айылында туулган Р.И.ни кылмышка шектүү катары кармашкан.
Похожие видео
Показать еще