#ОшТВ | Кара-Сууда «Хонда» менен кагышкан «Мерседес» өрттөнүп, айдоочусу качып кеткен HD

12.12.2019
#ОшТВ | http://oshtv.kg/ Официальный сайт ТРК "ОшТВ" Подписывайтесь на канал ставьте лайки +18 | Сайт кабар https://www.youtube.com/channel/UCJNunORLe0Q6BOvUKZYIsug #ОшТВ | Кара-Сууда «Хонда» менен кагышкан «Мерседес» өрттөнүп, айдоочусу качып кеткен Кара-Суу районунда 2 унаа кагышып, үч адам ооруканага оор абалда жеткирилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.Анын айтымында, жол кырсык кечээ, 11-декабрь күнү саат 20:15 чамасында болгон.«Жол кырсыгы Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу Сулайманов көчөсүндө катталган. "Мерседес-Бенц 230" үлгүсүндөгү автоунаа "Ош" эл аралык аэропортунан келе жатып, Нариман айылын көздөй бара жаткан "Хонда Жазз" үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен "Мерседес-Бенц 230" унаасы толугу менен күйүп кеткен.Ошондой эле "Хонда Жазз" унаасынын айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү оор жаракаттарды алып, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ал эми "Мерседес-Бенц 230" унаасынын айдоочусу качып кеткен. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат.

Похожие видео