Баткен: өрттөн жабыркаган үй-бүлө жардамга муктаж HD
Баткенде турак-жайы күйүп кеткен үй-бүлө жардамга муктаж. Кара-Бак айылынын жашоочусу Токтобүбү Мусаева 4 баласы менен жашап келген үйү да менчиги эмес, атасына тиешелүү. Мындан улам мүмкүнчүлүгү чектелген Токтобүбү Мусаева бийлик өкүлдөрүнүн жардамына муктаждыгын айтат. Өрттөн жабыркаган үй-бүлөнүн абалын Феруза Аскарбек кызы көрүп келди.