Үч эм төрөгөн жаш эне - жардамга муктаж!
Мындан 8 ай мурда, Бишкек шаарындагы төрөтканалардын биринде, үч эм төрөлүп, бирок балдардын атасы алардан баш тартканы тууралуу окуя, көпчүлүктүн көңүл чордонунда болгон. Наристелер төрөт үйүнөн чыккандан кийин, Бишкектеги балдар үйүндө жашап келишкен. Октябрь айында болсо Ош шаарындагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна которулушкан. Эми үч ымыркайы менен 24 жаштагы келин 22-февраль күнү ал борбордон чыгып кетүүгө тийиш экен. Бирок колундагы 3 баласы менен жаш эненин бараар жери жок.
Похожие видео
Показать еще