Эне сүтүнүн пайдасы HD
Көпчүлүк аялдар кош бойлуу кезинде эмес, жаңы төрөгөндө гана баланы туура эмизүүнү үйрөнүп башташат. Бирок болочоктогу ар бир эне боюнда бар кезинен тарта эмизүүнүн эрежелерин үйрөнүп башташы зарыл дешет дарыгерлер. Себеби эрежени билбегендиктен көйгөйлөр келип чыгыш ыктымал. Тактап айтканда, энеде көкүрөк оорулары пайда болуп, анын айынан бала эрте сүт эмүүдөн четтеп кетет.