Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз тили Ата журттун кареги» аттуу салтанаттуу иш чара өткөрүлдү HD
Мамлекеттик тил күнүнө карата, Мамэкотехинспекция «Кыргыз тили Ата журттун кареги» аттуу салтанаттуу иш чара өткөрдү. Аталган иш чарага Мамэкотехинспекциянын Административдик, экологиялык жана техникалык блокторунан куралган инспекторлор тарабынан атайын командалар түзүлүп, эне тилге багытталган күч сынашуу мааракесин уюштурушкан. Салтанаттын жүрүшүндө инспекторлор кыргыз тилине арналган ыр,оюн зоокторунан сырткары Улуу эпос Манасты көркөмдөп аткарып берүү каралган. Маданий иш чарада инспекторлор өздөрүнүн жогорку деңгээлдеги чыгармачылыктарын жана даярдыктарын көрсөтө алышты. Мамэкетехинспекциянын уюштуруучу тобу, калыстар тобуна атайын Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлдөрүн чакырышкан.Тил комиссиясынан келген өкүлдөр,Инспекциянын кыргыз тил мааракесине карата даярдыктарын жогорку деңгээлде көрсөтө алгандыгын баса белгилешти. Ал эми, Мамэкотехинспекциянын директору Канатбек Муратбеков, азыркы тапта Инспекцияда бир гана иш чаралар эмес, баардык иш жүзүндө аткарылып жаткан иш чаралар мамлекеттик тилге өтүп, эне тилге өтө чоң басым коюлуп жатканын белгиледи.Ошондой эле директор өз сөзүндө башка тилди колубуздан келишинче билип, бирок эне тилди биринчи орунга коюп, барктай билүүбүз ар бирибиздин чоң милдетибиз экенин кошумчалады!!!