Мамлекеттик тил гимни HD
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил гимни Сөзү: Сейит Алтымышовдуку Музыкасы: Бакыт Алишеровдуку Тил жаралып Көкө-Теңир таңынан, Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган. Адам деген түп сөзүнөн элимдин, Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган. Кыргыз тили - жүрөгүм, Манас ата туу туткан. Кыргыз тили - Мекеним, Менин өлкөм Кыргызстан! Мекен тили Ата журттун кареги, Биримдиги, күч-кубаты тиреги. Мекен тили куттуу кыргыз элимдин, Көкүрөктө согуп турган жүрөгү. Кыргыз тили - жүрөгүм, Манас ата туу туткан. Кыргыз тили - Мекеним, Менин өлкөм Кыргызстан! Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы, Мекен тили бак-таалайдын кутманы. Мекен тили кан жаныбыз, туубуз, Ата журттун келечеги, ак таңы. Кыргыз тили - жүрөгүм, Манас ата туу туткан. Кыргыз тили - Мекеним, Менин өлкөм Кыргызстан!
Похожие видео
Показать еще