КӨЧМӨНДӨР ЖАРМАНКЕСИ. NewTV HD
Боорсок, бешбармак, курут сыяктуу улуттук тамак-аштардын дүр-дүйүмү. Бүгүн Бишкектеги Эл аралык Ала-Тоо Университетинин студенттери мамлекеттик тил майрамына карата Көчмөндөр жарманкесин уюштурду. Иш-чара тарыхый-маданий мурастарды жана рухту жандандыруу максатын көздөйт. Иш-чарага келген коноктор кыргыз жана түрк элинин улуттук тамактарынан ооз тийгенден сырткары, улуттук оюндарга күбө болушту.
Похожие видео
Показать еще