Таласта өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарына даядык өз ыргагында HD

06.09.2019
Таласта өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарына даярдык аяктап калды. Ат майданына баруучу 2 чакырымдай жол оңдолуп, жол жээктерине кечки жарыктандыруу орнотулууда. Ал эми жергиликтүү тургундар айлана-чөйрөнү иретке келтирүү менен алек. Бул жолдун жээги Суусамыр-Талас -Тараз чоң жолунун Талас шаары менен Манас Ордо улуттук комплексинин ортосунда жайгашкан айылдардын бирине караштуу. Мында жол жээгин таштандылардан арылтып, тазалоо милдети Талас райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын эмгек жамаатына берилген. Андыктан бул тилкеде жума сайын ишембилик өтүп жатат. Негизги максат- улуттук көчмөндөр оюунуна сырттан агылып келген конокторго эң ириде көзгө урунчу жол жээктерин тазалап, жергиликтүү калктын тирилик көрөңгөсүн жакшы көрсөтүп, конокторго жагымдуу маанай түзүү.

Похожие видео

Показать еще