Чубак ажы Жалилов: Темир Сариевдин айтканына толук кошулам. Ар бир улут өзүнүн улуттук кийимин сакташ керек

04.08.2015
"Хиджаб, паранжа, дамбал сыяктуу кийим - бул кыргыз элинин кийими эмес. Биздин ата-бабаларыбыз илгертен өзүбүздүн улуттук кийимдерди кийип келишкен. Кыргызстанды биз улуттук кийимдерибиз менен даңазалап кыргыз бойдон калыш керек" - мындай пикирин Өкмөт башчы Темир Сариев ИИМдин Ысык-Көлдөгү көчмө жыйынынын жүрүшүндө билдирген. Темир Сариев өз сөзүндө, «Кыргыздарды кыргыз кылып сактап келген биздин өзүбүздүн салттарыбыз бар. Хиджаб менен паранжа кийүү бул кыргыз элинин салты эмес. Ооба биздин динибиз ислам. Бирок биз башка салттарды кабыл албашыбыз керек деген оюн билдирген эле. Премьер-министрдин мындай оюна Чубак ажы Жалилов да кошулаарын айтып, кыргыздар башка улуттун салтын колдоп, кийимин кийип алууну колдобой тургандыгын билдирди.

Похожие видео

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы:
27.05.2017
04:43

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы: "Жолдошум акчанын айыбынан жаңы төрөлгөн кенже баламды сатабыз деди..." Абдылдаева Гульнара секелек кезинде ар бир кыздардай эле кыялданып, болочок күйөөсүнүн таттуу сөздөрүнө ишенип турмушка чыккан. Ойлогону тескерисинен чыгып турмуш курган күндөн баштап көзүнүн жашы кургай элек. Жолдошу алдамчылык менен адамдардан акча алып жашачу экен, 3 - баласынан кийин алдамчылыктын артынан түрмөгө отургузулат. Сүйүүнүн көзү көр дегендей күйөөсүнүн кылыгына ишенбей ал түрмөдө отурган кезинде кайын – журту жардам бербей койгондуктан төркүнүнөн акча алып күйөөсүнүн карыздарынан кутулуп, 3 баласы менен иштеп балдарын багат. Түрмөдөн чыккан күйөөсү адал оокат кылып үй бүлө баккандын ордуна мурдагы ишин кайра улантат да алдамчылык менен экинчи жолу темир тор аркасында калат. Ал учурда 5 баланын энеси болгон бул айым балдарын жалгыз иштеп багат, жолдошунун карыздарынан кутулат. Экинчи жолу түрмөдөн чыгып таш боор жолд

одноклассники
Показать еще