Фонддун 20-ак өргөсүнүн ачкычы берилүүгө даяр! Ысык-Атадагы ак өргөнүн 95% бүтүп калды HD

30.10.2019
«Кайрымдуу бол» коомдук кайрымдуулук фондуна үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Нурманбет айылынын 1989-жылы жарык дүйнөгө келген мекендештер кайрылган. Бул кайрылуу бизди аябай кубандырды. Себеби былтыркы жылы жогоруда аталган атуулдар 10 жылдык мааракени тозуунун оордуна өз айылындагы муктаж эжеге там салып берүү демилгесин көтөргөн. Бирок салып жаткан ак өргөнү аягына чыга албай биздин фондго кайрылган. Бул сиздер көргөн үй бир эле Нурманбет айылынын эр азаматтары эмес ар бир кол сунган мекендештердин эмгеги. Бирок демилгени башынан көтөрүп чыккан Нурманбет айылынын 1989-жылы төрөлгөн азаматтарга десек болот. Көп түкүрсө көл болот деп ата-бабаларыбыз бекеринен айткан эмес. Андыктан кыргыз элибиз бир муштумдан биригип бири-бирибизге жөлөк таяк болууга чакырмакчыбыз.

Похожие видео

Показать еще