Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолугушту HD

01.06.2021
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолугушту. Садыр Жапаров балдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясындагы өзүнүн иш бөлмөсүн көрсөтүп, жумуш күнү кантип өтөөрүн айтып берди. Мамлекет башчысы балдар менен жылуу атмосферада баарлашып, окуулары тууралуу сурап, алардын кызыктырган суроолоруна жооп берди. Президенттин Администрациясынын структурасында балдарды социалдык жактан коргоо боюнча ишти күчөтүү максатында атайын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу институту түзүлгөнүн маалымдады. #акыркыжанылыктар #жанылыктар #24медиа #новости #кабар #малымат #акыркымалыматар #садыржапаров #окмот #президент #кр #кыргызстан #бишкек #ысыккол #чуй #ош #баткен #талас #нарын #жалалабад

Похожие видео

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы:
27.05.2017
04:43

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы: "Жолдошум акчанын айыбынан жаңы төрөлгөн кенже баламды сатабыз деди..." Абдылдаева Гульнара секелек кезинде ар бир кыздардай эле кыялданып, болочок күйөөсүнүн таттуу сөздөрүнө ишенип турмушка чыккан. Ойлогону тескерисинен чыгып турмуш курган күндөн баштап көзүнүн жашы кургай элек. Жолдошу алдамчылык менен адамдардан акча алып жашачу экен, 3 - баласынан кийин алдамчылыктын артынан түрмөгө отургузулат. Сүйүүнүн көзү көр дегендей күйөөсүнүн кылыгына ишенбей ал түрмөдө отурган кезинде кайын – журту жардам бербей койгондуктан төркүнүнөн акча алып күйөөсүнүн карыздарынан кутулуп, 3 баласы менен иштеп балдарын багат. Түрмөдөн чыккан күйөөсү адал оокат кылып үй бүлө баккандын ордуна мурдагы ишин кайра улантат да алдамчылык менен экинчи жолу темир тор аркасында калат. Ал учурда 5 баланын энеси болгон бул айым балдарын жалгыз иштеп багат, жолдошунун карыздарынан кутулат. Экинчи жолу түрмөдөн чыгып таш боор жолд

одноклассники
Показать еще