#САЙТ КАБАР 23.12.2019 Турмуш куруу максатында 19 жаштагы кызды ала качкан жаран кармалды HD
#ОшТВ | http://oshtv.kg/ Официальный сайт ТРК "ОшТВ" Подписывайтесь на канал ставьте лайки +18 | Сайт кабар https://www.youtube.com/channel/UCJNunORLe0Q6BOvUKZYIsug #САЙТ КАБАР 23.12.2019 Турмуш куруу максатында 19 жаштагы кызды ала качкан жаран кармалды Бишкекте 19 жаштагы кызды ала качып кеткен жарандын үстүнөн арыз түшүп, ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиргендей, окуя 19-декабрда болгон."Ленин РИИБине 19-декабрда 19 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арыздануучунун айтымында, Тыналиев көчөсүндөгү үйдүн короосунан белгисиз адамдар аны ала качуу максатында Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаага салып кетишкен.Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 22 жаштагы Сокулук районунан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылып жатат", - деп билдирет маалымат кызматынан.
Похожие видео
Показать еще