Абактагыларга социалдык жардам көрсөткөн пробация институту керекпи? HD
Кыргызстанда - пробация институтун түзүү сунушталууда. Тактап айтканда, абактагыларга жаза мөөнөтүн өтөп - бүткөн соң, социалдык - колдоо көрсөтүүчү мекеме. Демилгечилердин пикиринде, эркинен ажыратылгандардын көбү, жашоого керектүү баардык шарттарынан -кол жууйт. Жумушунан, жакындарынын камкордугунан - ажырайт. Мындан улам, абактан чыккан соң, кылмыш дүйнөсүнө аралашып кетип, кайрадан жаман иштерге барууда. Анын айынан өлкөдө кылмыштуулук өсүп жатат дешет демилгечилер. Бул идея жакшы болгону менен, ишке ашаарынан көпчүлүк депутаттар күмөн санашты. Кененирээк Мээрим Ташыбекованын материалында.
Похожие видео
Показать еще