Кочкор Ата шаарындагы бийликтин мыйзамсыз аракеттери. HD
Акчалуу ким болбосун акча берем десе эмнени болсо да сатууга даяр! Жакында асмандагы абаны , басып жүргөн жолду, аккан сууну сатууга даяр! Калкка көрсөткөн кордук чегине жетип бүттү! Буга мисал жакында Ноокен районун Кочкор Ата шаарындагы окуя күбө! Шаардын Тургенова 47 жана анын айланасындагы үйлөрдүн жашоочуларынын уй алдындагы жер участкаларын эч кандай тааныштырбастан, эскертпестен, жер участкалары бак - дарактар мөмөлөрү бышып турганда, памидор , мөмө – жемиштер жайнап турган мезгилде белгисиз адамдар тарабынан баскынчылык менен чоң техникалардын күчү менен сүрүлүп талкаланган! Жашоочулардын нараазычылыгына милиция чакырышып жалпы элди опузалап коркутушкан. Кароновирустан үйдөн чыкпай, камалып жашоонун кыйноосунда турган калкты ишенип багып келген түшүмүн мөмө – жемиш, жашылчаларын ким төлөйт! Кышка көргөн даярдыгына ким жооп берет! Бийликтен эч кандай жардам жок, бул кыянатчылыкты ким кандай түшүндүрөт! Туротуарды сатып үй, туалет, балдар бакчасынын короосун сатып “Санрайс” ресторан курушкан! Жашоочулар аргасы кетип, сүрдүрбөөгүлө деп суранышып, коррупцияга каршы күрөштүн “ символу” Президент Сооронбай Шарипович Жээнбековтун байрагын көтөрсө аны тебелеп сүрдүргөн. Мыйзамсыздык, зордук – зомбулуктун башында турган тойбостор: шаардын мэри Алтынбек Жумаев, Департемент башчысы Шерматов Аскарбек Батырбекович, квартал комитет Калбаева Минавар, домком Бешкемпирова Урмат! Бийлик башка, эл башка! Эки ажырымды жараткан жемкорлорго каршы Кыргызстанда мыйзам барбы? Же Кочкор Атадагы кызмат сатып алгандар пайда табуу үчүн, бардыгын сата береби?
Похожие видео
Показать еще