Биздин үйгө Кореянын мурдакы премьер-министри келген... HD
Дегенбаева Гүлнара Орозбаевна Кыргыз элин башкарган улуу Курманжан Датканын тыбырасы, 5-муундагы урпагы. 1962-жылы 25-майда туулган. Кыргыз Республикасынын Ош шаарындагы В. Терешкова атындагы мектеп-интернатында 9 жашынан тартып тарбияланган. Ош мамлекеттик университетин,филалогия факультетин аяктаган. Окуу жайын аяктагандан кийин Ош мамлекеттик университетинин филалогия факультетинин азыркы орус тили кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген. 1993-жылдан тартып ишкер,биргелешкен ишкананын башкы директору .1997-жылы Ысык-көл облусунун Түп районунда " Мээрим Булагы" ("Благодатный источник") деп аталган жеке менчик үй-бүлө балдар үйүн ачкан,аталган мезгил ичинде балдар үйүндө ар кандай улуттагы жана ар башка диндеги ата-энеси жок,ошондой эле кароосуз калган 136 бала өз үй-бүлөсүндөй түнөк табышкан.Ал балдарды Гүлнара өзүнүн каражатына багып-чоңойтуп таалим-тарбия берген,ошондой эле Гүлнаранын мээрими жана камкордугу менен балдар ушул турмушта өз ордуларын ийгиликтүү табышты. Азыр Гүлнаранын үйүндө эрезеге жете элек 18 бала тарбияланат. Эл аралык педагогтор ассоциациясынын мүчөсү. Кыргызстан билим берүү мекемелер ассоциациясынын мүчөсү. 2006-жылдан тартып мамлекеттик эмес "Кырк-кыз"аялдар бирикмесин жетектейт,үй-бүлө баалуулуктарын колдогон иштерди жүргүзүп,аялдарга педагогикалык,юридикалык,психологиялык жардам көргөзөт. "Кырк-кыз" аялдар бирикмесинин алкагында Гүлнара өлкөнүн баардык аямагы боюнча-"үй-бүлө майрамы","тынчтык,маданият,тарых" ж.б көптөгөн иш-чараларды өткөрүп,ошондой эле ичкилике,тамеки тартууга,бангизатка каршы жөө жүрүш акцияларын жыл сайын уюштуруп келет. Дүйнө жүзү боюнча педагогика жана психология жаатында лекцияларды окуп,семинарларды өткөрөт. Көптөгөн сыйлыктардын,анын ичинде "Гумандуу педагогиканын рыцары" сыйлыгынын ээси (2015-жыл).
Похожие видео
Показать еще