Чек ара жабык бойдон калууда HD

15.03.2019
14-март куну тунку саат 11.30 дарда Баткен шаарына Аксай айылынан 500дой адамды МЧС эвакуацияланган. Учурда олимпиядага келген 100 дой окучу балдар жол жабыктыгынан байланыштуу баткендеги гимназия жатак мектебине жайгаштырылды, 100 дойун жергиликтуу тургундар уйлоруна алыпи кетишти. Учурда 70 тен ашуун аялдар менен балдар номер 57 кесиптик лицейге жайгашышты. Баткен шаардык мериясы кабарлагандай 57 кесиптик лицейге жардамдарды кабыл алуу пункту да тузулду. Учурда ар кандай азык тулук тамак аш менен жардамдарды жергиликтуу тургундар берип жатышат. Кыргыз-тажик чек арасындагы жол ачыла элек. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев кабарлады. - Учурда кырдаал бир аз жакшыраак деп айтсак болот, бирок Кыргызстан тараптан дагы, Тажикстан тараптан дагы жол жабык болуп турат. Эки тараптын жарандары азыркы учурда өз айылдарында турушат. Акыркы чыр-чатак кечээ саат 16:00дө болгон. Андан бери түн тынч өттү. Учурда ал жакта вице-премьер-министр Разаков, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, ички иштер министрлигинин тобу иштеп жатышат, - деди Абдикарим Алимаев. Кечээ, 14-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулаган. 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Бизди соцтармактардан көрүңүз: ОК:https://ok.ru/profile/575885003984 FACEBOOK:https://www.facebook.com/BatkenSalamMedia/ INSTAGRAM:https://www.instagram.com/salam_media_batken/

Похожие видео