Ош: кылмыш бетин ачкан иттер
Ош шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу кинология борборунда даярдалган иттер кылмыштуулуктун бетин ачууга салым кошууда. Аталган борбордун жетекчиси Абдувахаб Юлдашевдин айтымында, жыл башынан бери иттер 37 кылмыштын бетин ачууга жардам берген. Катталган кылмыштарын бирөөсүн иттер өздөрү, эч кимдин жардамысыз тапса, калгандарын кинологдордун жардамы менен табууга көмөк көрсөткөн. «Иттердин негизги милдети ― кылмыш болгон жерден кылмышкердин изин суутпай табуу, кайсы жерде жардыргыч, наркотикалык заттар болсо, ошол жерди табуу. Жок дегенде алар укук коргоо кызматкерлерине багыт беришет. Иттер негизинен издин арты менен барып, эң негизгиси кылмышкерди жыт аркылуу табышат. Бул ишке бир итти даярдоо үчүн бир жыл убакыт кетет»,―деди А.Юлдашев. Бул борбор 1960-жылдары курулган. Учурда 20 ит даярдалууда. Видео: Назгүл Бостонбаева, Ынтымак
Похожие видео
Показать еще