Каракчылыка пайдаланган куралдар табылды
2016-жылдын 30-июнь күнү болжол менен саат 17.00 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл округуна караштуу Бишкек-Ош автожолунун 560 чакырымында, Ош областынын 1982-жылы туулган А. И. “Хунай-Портер” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ош шаарына бара жаткан учурда, мамлекеттик белгиси жок кара автоунаа келип жолдун четине кысып токтотуп, бейтаныш, азият улутундагы жаштары болжол менен 25-30 чамаларындагы эки атуул, А.Ини пистолет менен коркутуп, унаасындагы 300000 (үч жүз миң) сом акчасын алып кол телефонун сындырып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Аталган факт боюнча, кылмыш иши козголуп, ОИИБнын жана Сузак РИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмү менен биргеликте ыкчам тобу иш алып барып, ыкчам- иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада ОИИБнын жанан Сузак РИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмү менен биргеликте кылмышка шектүү катары төмөндөгү атуулдар кармалган; Жалал-Абад шаарынын 1994-жылы туулган Д.А. Сузак районунун 1994-жылы туулган М.А. Жалал-Абад шаарынын тургунуМ.Ж. кармалышып, Сузак РИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүү Ж.Мнын көрсөтмөсү менен калыстардын катышуусунда Жалал-Абад шаарынын мелкомбинатынын короосундагы темир бочканын ичинен аскердик сумкадан төмөндөгү куралдар алынган.3 даана 12 калибрдеги сайсыз мылтык (стволу кыркылган),1 даана16 калибрдеги сайсыз мылтык (стволу кыркылган), 1 даана тапанча пистолет, бир даана магазини менен төрт огу менен алынып, алынган куралдарга карата соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле аталган кылмышка шектүүлөр башка кылмышка тиешеси бар же жоктугун аныктоо максатында тергөө иштери улантылууда.