ОШТУН ӨНҮГҮҮСҮНӨ КИМДЕР ЖАРДАМ БЕРИП ЖАТАТ HD

20.01.2020
#ЖАҢЫЛЫКТАР#ОШ#ӨНҮГҮҮ Жеке ишкерлер-өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошууда.Өткөн жылы жеке ишкерлер тарбынан Ош шаарынын социалдык –экономикалык өнүгүшүнө 10 миллион сомдон ашуун каржат сарпталды.Тактап айтсак кааланын аймагына бар катар эс алуучу жайлар курулуп, тротураларга таш тапандар басылды. Ошондой эле айрым чоң долбоорлорго жеке ишкерлер көмөк көрсөтүдө. Ош шаарында быйыл социалдык обьектилердин курулуш саны 20дан ашуун. Анын ичинде өзгөчө балдарды коргоо жылына карата 3 бала бакчанын курулушу пландалууда. Төлөйкөн кичи районунун Бегмамат Осмонов көчөсүнүн сол тарабында Нурзаман курулуш компаниясы тарабынан 3 миллион сомдон ашуун каражатка атайын эс алуучу жай курулушун аяктап пайдаланууга берилген.Эс алуучу жайга жарыктандыруу системалары, отургучтар орнотулуп тургундарга кышкысын да жагымдуу шарттар түзүлгөн.Мындан тышкары аталган компания ыңгайлуу аялдама да куруп берген.Ошондой эле Золотой Квадрат курулуш ишканасы шаардын кооздугу жана тургундар үчүн атайын сквер куруп, тийиштүү көп кабатуу үйдү сырдашкан. Каналга катталыңыздар!!! https://www.youtube.com/results?search_query=%D0%B0%D0%B1%D0%B4%D1%83%D0%BC%D0%B0%D0%BB%D0%B8%D0%BA+%D0%B1%D0%B0%D0%B7%D0%B0%D1%80%D0%B1%D0%B0%D0%B5%D0%B2 #ABDUMALIKBAZARBAEV

Похожие видео

Показать еще