2.ЭЛГЕ АРНАЛГАН КУРУЛУШТАР HD
1990-жылдардын башына чейин республиканын башка райондору сыяктуу эле, Ак-Талаа районунда дагы мамлекеттин планына кирип атайын борборлоштурулган финансылык каражаттар бөлүнүп, бир катар курулуштар, өзгөчө суу чарбасында кубаттуу насостук станциялар, каналдар, суткалык суу сактагычтар жана суу өткөргүч дюкерлер курулуп дээрлик 2 миң гектардан ашык сугат аянты кеңейтилген. Миңдеген баш мал сыя турган мал чарба курулуштары, ошондой эле мектептер, кошумча корпустар, таза суу түтүктөрү жана башка социалдык объектер курулуп ишке берилген. Ал эми бул көрсөтүүдө райондун ички мүмкүнчүлүгүн сарамжалдуулук менен үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен, райондун ошол кездеги жетекчисинин жеке демилгеси менен эл үчүн курулган объектилер жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Жогоруда белгилеп өткөндөй районубуздун борбору болгон Баетов айылында тейлөө, соода-сатык тармагында имараттар 1930-40-жылдары курулган имараттар болгон. Мына ошол көйгөйдү чечүү жана район борборундагы тейлөө тармагындагы имараттарды архитектуралык талапка ылайыктап куруу максатында ошол кездеги район жетекчиси Дөөлөтбек Берикбаев демилгени колго алып, 50-60-жыл мурда курулган боз-чопо жалпак дүкөндөрдү буздуруп, ордуна 3 айдын ичинде архитектуралык типтеги 2 соода комплексин салдырып, оюн-зоок өтүүчү сахнасы менен азыркы Дөрбөлжүн аянтын, 18 көчө асфальтталып, 15 км. тротуар, айыл ичине 48 км цемент арыктар, 24 аялдамалар, жайкы эс алуу үчүн бассейндерди курдурган. Ошону менен катар комплекстин маңдайына архитектуралык шайкештиктеги 10 соода-сатык павильон жана айылдын төрт тарабына дагы 6 типтүү дүкөндөрдү курдурган. Маданий иш чаралар өтүүчү типтүү 2 клуб салынып ушул сыяктуу жаңы курулган курулуштар айылдын ички көрүнүшүнө көрк берип, айыл көркөмдүү шаарчага айланган.
Похожие видео
Показать еще