Кутуруп кеткен 2 жылкы жок кылынды HD

03.05.2021
Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл аймагынын Үч-Булак жайлоосунда 2 жылкы кутуруп, экөө тең санитардык талаптар менен көмүлдү. Бул маалыматты Ноокен райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Маматкарим Ибрагимов ырастады. Маалым болгондой, Үч-Булак участогунда 3 жашар жылкы 27-апрелде жылкыларга кошулбай, жер тепкилеп, ары-бери чуркап жыгылгандыктан союуга туура келген. Андан кийин ээси ветеринардык дарыгерди чакырган. «Момбековдон барган ветеринарда кутурмага күмөн пайда болгон. Жылкынын башы Жалал-Абад зоналык ветеринардык лабораториясына алынып келген. Жыйынтыгында кутурмага кабылганы аныкталган. Жылкынын калган эти чуңкурга ташталып, жылкы союлган жер залалсыздандырылган. Элге эти тараган эмес. 28-апрелде ошол эле жылкынын ээсинин короосунан дагы бир жылкыда кутурманын белгилери табылган. Экинчи жылкы да жок кылынып, ал жер залалсыздандырылды», - деди ал. Бул окуядан улам Үч-Булакта жүргөн 184 жылкы, 581 баш кой, 18 баш кара мал, 26 ит кутурмага каршы эмделген.

Похожие видео

Показать еще