Чегарадагы кылмыштуу топ жок кылынды

23.01.2014
Ысык-Көл облусунун кыргыз-кытай чегарасына жакын аймакта кыргыз жаранын өлтүргөн кылмыштуу топ кечинде жок кылынды. Алар чек арачылардын багынып берүү талабына баш ийбей, куралдуу каршылык көрсөткөн, натыйжада он бири тең өлтүрүлүп, бир кыргыз чек арачысы жеңил жаракат алды. Эртең менен башталган бул окуя боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов жетектеген штаб түзүлүп, кылмышкерлер жашынган жер чегарачылар тарабынан курчоого алынган.

Похожие видео

Показать еще