Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйын Атамбаевсиз өтүп жатат.

15.10.2019
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы баштапкы соттук жыйын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевсиз өтүп жатат. Мындай чечимди бүгүн, 15-октябрда райондук сот Атамбаевдин «баштапкы соттук жыйынды менсиз эле өткөрө бергиле» деген арызынын негизинде кабыл алды. Бул тууралуу журналисттерге Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев айтты. Атамбаев Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйынга келүүдөн эки жолу баш тарткан. Райондук сот 14-октябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) 15-октябрга Атамбаевдин сотко келишин камсыз кылууну тапшырган. Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Похожие видео

Показать еще