Депутат 13 жаштагы кызды зордуктаган шектүү эркиндикте жүргөнүнө нааразы HD
Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Айсулуу Мамашова («Ата Мекен») Бишкек шаарында 13 жаштагы кызды зордуктаган шектүү эркиндикте жүргөнүн билдирди. Анын айтымында, кыздын апасы жана жактоочусу ага кайрылган. «Белгилүү соттордун бири Эрнис Айбек уулу деген мырза бар, анын артында көптөгөн “скандалдар” турат. Бирок ошого карабастан 13 жашар кыздын жашоосуна чоң таасир тийгизди деп ойлойм. Эмне үчүн? Анткени “Бишкек паркта” кичинекей кыз туалетке [даараткана] чыгып кеткенде зордукталган. Экспертизалар бар болгонуна карабастан, бул баланы актап, чыгарып коюшту. Мындай таптакыр болбош керек. Бул бир эле факт эмес экен. Бул бала 22 жашта», – деди ал. Анын айтымында, бул окуя боюнча күбөлөр болгон эмес. «Бирок ал башка кыздарды зордуктаган факттар болду. Көрсө ал кичинекей балдар үчүн лагерде иштеп келген экен. Ошол жерде иштеп, дагы башка кыздарды зордуктаган учурлар болгон экен. Балким “связдары” чоң. Бүгүнкү күндө эркиндикте жүрөт. Бул иш боюнча маселе Жогорку сотко кетти», – деген депутат кичинекей кыздарды зордуктагандардын орду түрмөдө экенин белгиледи. #GovoriTV#коронавирус#Кыргызстан#Карантин